Биз менен байланышыңыз

Илзат Ахметов Орусия курамасына чакырылган жок

Кыска кабар , Спорт | 12 мая 2021 | 1184 | 0

Футбол боюнча Орусия курама командасынын штабы «Евро-2020» турнирине даярданууга чакырыла турган оюнчулардын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары жазып чыгышты.

Орусия курамасына чакырылган 30 футболчунун тизмеси жарыяланган. Алардын ичинде Кыргызстанда туулган Ильзат Ахметов кирбей калган.

Белгилей кетсек, Футбол боюнча Европа чемпиондугу 2020-жылдын жайында өтүшү керек эле. Тилекке каршы, пандемиядан улам 2021-жылга жылдырылган. Турнир учурда Европанын 12 шаарында өтөрү белгилүү. Бирок УЕФА уюму эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу алардын саны азайышы мүмкүн экенин жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM