Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга 20 млн доллар бөлөт

Кыска кабар | 11 мая 2021 | 527 | 0

Бүгүн, 11-майда президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк Банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Жапаров ата мекендик экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууда Дүйнөлүк Банктын олуттуу колдоосун баса белгиледи.

Өлкө башчы экономикалык өсүштү камсыз кылуу боюнча Министрлер кабинетинин алдына коюлган максаттары: инвестициялардын агымын көбөйтүү, экспорттун көлөмүн жогорулатуу, өлкөнүн обочолонушуна жана азык-түлүк товарларынын бааларынын өсүшүнө жол бербөө сыяктуу бир катар чоң-чоң долбоорлорду ишке ашыруу боюнча айтып берди.

«Орто мөөнөттүү мезгилдеги экономиканын негизги артыкчылыктуу тармактары энергетика, айыл чарбасы, жер казынасын пайдалануу жана туризм болуп эсептелет. Ошондой эле келечектүү багыттардын бири — «билим экономикасынын — креативдүү экономиканын» өнүгүүсүн камсыз кылуу зарыл», — деди Мамлекет башчысы.

Мындан сырткары саламаттыкты сактоо системасын, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө, өлкө калкынын бардык топтору үчүн жашоо сапатынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн бирдейлигин камсыз кылуу боюнча жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурула турганын баса белгиледи.

Дүйнөлүк Банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде Банк тарабынан коронавирус пандемиясынын экономикага тийгизген кесепеттерин жоюуга колдоо көрсөтүлөрүн маалымдады.

Ошондой эле Кыргызстан жарандарын массалык эмдөө планын колдой турганын билдирип, жакынкы айларда Дүйнөлүк Банк ДССУ тарабынан жактырылган коронавируска каршы вакциналарды сатып алууга 20 миллион АКШ долларын бөлүп берерин кошумчалады.

Анна Бьерде энергетика тармагындагы реформаларды канааттануу менен белгилеп, бул багытта тармактын финансылык абалын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын негизинде өндүрүштү кеңейтүү, тармакты реформалоо программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, башкарууну күчөтүү боюнча кызматташууну тереңдетүүгө даярдыгын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM