Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө санариптик экономиканын жаңы концепциясы иштелип чыгат

Кыска кабар | 11 мая 2021 | 364 | 0

Бүгүн, 11-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов санариптештирүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Санариптештирүү — глобалдык процесс, жаңы доор. Заманбап санариптик технологияларды пайдалануу маанилүү жана актуалдуу процесс болуп жатканын жалпыбыз түшүнүп турабыз. Атап айтканда, келечекте дүйнөлүк атаандаштык мейкиндигинде татыктуу орун ээлөө үчүн жаңы чет элдик рынокторго чыгуубуз зарыл», — деди Улукбек Марипов.

Марипов мамлекеттин негизги максаты – жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен элге кызмат кылуу экенин белгиледи.

«Тажрыйба көрсөткөндөй, бүгүнкү күндө өлкөдөгү санариптештирүү процесси кыйынчылыктарга туш келүүдө. Буга мамлекеттик тейлөө алуудагы бюрократияга байланыштуу жарандардан түшүп жаткан сын-пикирлер далил болот. Абалды жакшыртуу максатында кардарга багытталган чөйрөнү түзүүнү караган «Кыргыз Республикасынын 2021-2023-жылдарга санариптик экономикасы» жаңы концепциясынын үстүндө иш башталды. Базалык жана инфраструктуралык долбоорлорду унутта калтырууга болбойт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгында жазылган жана калк үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ишкер субьектилерин коргоого жана колдоого алууга багытталган бир катар максаттарга жетишүүгө өзгөчө басым жасоо зарыл», — деп белгиледи Марипов.

Жогоруда аталган концепциясынын бетачарынын жүрүшүндө белгиленгендей, документ өзүнө санариптик билим берүү жана МКТ тармагындагы адамдык капиталды өнүктүрүү, туруктуу санариптик инфраструктураны түзүү, «e-Gov Электрондук өкмөтүн» куруу, санариптик экономиканы өнүктүрүү боюнча шарттарды түзүү сыяктуу негизги багыттарды камтыйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM