Биз менен байланышыңыз

УКМК: Жеке ишкерден опузалап 20 миң доллар талап кылган жаран кармалды

Кыска кабар | 11 мая 2021 | 370 | 0

Кечээ, 10-майда УКМК тарабынан опузалап пара алып жаткан учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 10-майда УКМК өзүн «Дөө Чынгыз» каймана аттуу Чыңгыз Жумагуловдун адамы катары тааныштырган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү «И.Р.М.» жеке ишкерден опузалап 20 миң доллар алып жаткан жеринен кармады.

«И.Р.М.» Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын абак жайына камалды.

Учурда алардын шериктерин жана иштин башка фигуранттарын кармоо боюнча ыкчам-издөө иштери жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM