Биз менен байланышыңыз

Татарстанда мектепке куралдуу кол салуу болуп, 8 адам каза тапты [Видео]

Дүйнө , Кыска кабар | 11 мая 2021 | 933 | 0

Татарстандын борбору Казань шаарындагы мектепте ок атуу болуп, сегиз адам көз жумду. Бул тууралуу «РИА Новости» жазды.

Интернетте балдар октон качып жүргөн видео тарады. Каргашалуу окуя Файзи көчөсүндө жайгашкан № 175 мектепте болгону айтылууда.

Алдын ала маалыматтарга караганда, окту өспүрүм чыгарган. Учурда ал кармалып, башка окуучулар эвакуацияланып жатат.

Жерине 20 тез жардам бригадасы, президент Рустам Минниханов жана прокурор Илдус Нафиков барган.

«РИА Новости» агенттигине Тез жардам кызматынан билдиргендей, окуя болгон жерде бери дегенде сегиз адам каза тапкан, алардын көпчүлүгү балдар. Жаракат алгандардын төртөө ооруканага жаткырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM