Биз менен байланышыңыз

«Катар» уюму Баткенге 100 миң долларлык имарат курууга ниеттенүүдө

Кыска кабар | 11 мая 2021 | 995 | 0

«Катар» кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы кеңсеси чек ара жаңжалында жабыркаган Баткен элине гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, уюм тарабынан 2000 үй-бүлөгө 110 тонна азык-түлүк баштыгы, 4200 адамга ооз ачар баштыгы таратылды.

«Катар» кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы филиалынын директору Алсамман Мохамад Хомам Ахмад Самир жергиликтүү эл менен жолугуп, болуп өткөн окуяларга байланыштуу көңүл айтты. Ошондой эле сметалык баасы 100 миң долларга чейинки имарат куруп берүү ниетин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM