Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Өзбекстандын министрлери чек арадагы кырдаалды талкуулашты

Кыска кабар | 11 мая 2021 | 356 | 0

Бүгүн, 11-майда Кытайдын Сиань шаарында «Борбор Азия – Кытай» аталышындагы Тышкы иштер министрлеринин 2-кеңешмесинин аянтчасында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабаралады.

Маалым болгондой, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга өзгөчө көңүл бурушту. Казакбаев кесиптешине 28-30-апрелдеги окуялар жана Баткен облусундагы азыркы абал тууралуу маалымдады. Кыргыз тараптын Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде жетишилген келишимдерди сактоо ниетин кармана турганын баса белгиледи.

Өзбекстандын Тышкы иштер министри Камилов кыргыз тараптын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча аракеттерин колдоп, өзбек тарап жаңжал аймагындагы абалды андан ары турукташтырууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигине ишендирди.

Жетишилген келишимдерди андан ары жүзөгө ашыруу жана кыргыз-өзбек мамилелердин динамикасын бекемдөө максатында Казакбаев өзбек кесиптешин Кыргызстанга ага ыңгайлуу убакта расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM