Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик тарых музейи 31-августта ачылат

Кыска кабар | 11 мая 2021 | 416 | 0

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин Coциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети Мамлекеттик тарых музейинде көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев музейди оңдоп-түзөө иштери, сыртына, ичине кеткен каражаттар боюнча баяндама жасады. Анын айтымында, музей 2016-жылдын 25-мартында жабылган. Музейди реконструкциялоого мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүнгөн. Андан тышкары Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) калыбына келтирүү иштерине 15 млн доллар бөлгөн, ал имараттын сыртын оңдоого сарпталган.

Ошондой эле Тарых музейи Германиянын «Vitrinen-und Glasbau REIER» компаниясына 225 миң евро карыз болуп калган. Ал компания музейге эмерек, жабдуу, экспонаттарды койгон. Музей электрондук башкарууга толугу менен өткөрүлгөн. Учурда ал программалардын ачкычтары жогоруда аталган компанияда. Карыз акча толук төлөнгөндөн кийин гана иштеп баштаарын айтышкан.

Талкууда депутат Кожобек Рыспаев аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө жогоруда көтөрүлгөн көйгөйлөрдү тездетип чечүүнү сунуштады. «Vitrinen-und Glasbau REIER» компаниясына 225 миң еврону мамлекеттик органдар маселени бири-бириңерге жүктөбөй, баарың биргелишип чечкиле», — деди ал.

Депутат Бейшенаалы Нурдинов ремонту бүтпөй жатып, чекесинен урай баштаган тарыхый мекемени оңдогондордун ишин сынга алды. «Иштин башталышы же аягы жок чаржайыт, таман таштары сынып, суу өтмөктөрү бузула баштаптыр, имаратты оңдогондор жоопкерчиликти алышсын», — деп кошумчалады ал.

Эл өкүлдөрү реконструкциялоо иштери 5 жылдан бери бүтпөгөн тарыхый мекемени ушул жылдын 31-августунда, тактап айтканда, Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата ишке киргизүүнү белгилешти.

Комитет кийинки отурумга тарых музейин оңдоого катышы бар бардык кызмат адамдарын жана ТИКА компаниясынын өкүлдөрүн чакырып, чогуу талкуулоо чечимине келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM