Connect with us

Өлкө боюнча коронавируска каршы 43 миң 127 адам эмделди

Кыска кабар | 11 Май 2021 | 302 | 0

10-майда өлкө боюнча 447 адам коронавируска каршы эмделди. Муну менен вакцина алгандар 43 миң 127 адам болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг учурунда билдирди.

Бектурганов Бишкек шаарында вакцина алуу үчүн пилоттук режимде электрондук кезек системасы кирип жатканын маалымдады.

«Кечээ «Спутник V» вакцинасынын дагы 20 миң дозасы келип түштү. Ал эми сутка ичинде жалпы 447 адам эмдөөдөн өттү, анын ичинен 335и вакцинанын биринчи дозасын, 112си экинчи дозасын алды. 11-майга карата өлкө боюнча жалпы 43 миң 127 адам эмделди. Анын ичинен 6 миң 10 жаранга вакцинанын экинчи дозасы сайылды», — деди Бектурганов.

Эске салсак, 29-мартта Кытайдан «Синофарм» вакцинасынын 150 миң дозасы, 22-апрелде Орусиядан «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы келген. Ал эми кечээ, 10-майда Кыргызстанга Орусиядан «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозадан турган экинчи партиясы келди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM