Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 379 адам илдетке чалдыгып, 7 адам каза болду

Кыска кабар | 11 мая 2021 | 442 | 0

11-майга карата 379 адамдын: Бишкек шаарында — 240; Ош шаарында — 5; Чүй облусунда — 103; Ош облусунда — 1; Талас облусунда — 2; Нарын облусунда — 9; Ысык-Көл облусунда — 13; Жалал-Абад облусунда — 1; Баткен облусунда — 5 адамдын COVID-19га чалдыкканы аныкталды.

Бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарында — 5, Чүй облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 1 адам каза тапты.

Ошондой эле акыркы суткада 304 бейтап илдеттен сакайып чыкты. Ал эми 1703 бейтап стационарларда, 2542 бейтап үйдө дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 99 миң 33 адамга коронавирус жуккан. Мунун ичинен  92 миң 120 бейтап айыгып чыгып, 1667 адам көз жумду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM