Биз менен байланышыңыз

«Компанияларды башкаруу — мамлекеттин иши эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 7 мая 2021 | 392 | 0

Стратегиялык объектилерди менчикке берүүдө талаптарды так, туура коё билүү керек. Бул тууралуу экономист Элдар Абакиров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал Союз урагандан кийинки менчиктештирүү адамдарда терс пикир калтырганын белгиледи.

«Чынын айтсак, 1990-жылдары бизде «жапайы» менчиктештирүү болгон. Ошол кезде объектилерди кимдин уяты азыраак, кекиртеги чоңураак болсо, ошолор жулуп-жулуп алган. Бүгүнкү күнгө чейин же өзү иштетпей, элге да пайдасы жок, же мамлекетке пайдасы жок басып жаткандар бар. Азыр андай нерсе кылуу кыйын. Анткени коомдо түшүнүк бар. Эгер биз бир нерсени менчиктештирүүгө берсек, ал жерде так көрсөткүчтөр болушу керек. Баары ачык-айкын жүрүшү шарт. Эгер менчикке алган адам бир жыл ичинде инвестиция кылбаса, мамлекет кайра алып койгонго акылуу болушу керек. Талаптар так жазылып, менчикке берилсе, эл деле муну түшүнөт», — дейт ал.

Экономисттин пикиринде, компанияларды башкаруу — мамлекеттин иши эмес.

«Муну эл түшүнүшү керек. Мамлекет адилеттик, коопсуздук сыяктуу башка маселелер менен алектениши керек. Мамлекеттин таба турган кирешеси — салык», — дейт Элдар Абакиров. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM