Биз менен байланышыңыз

Чемпиондор Лигасынын финалына клубдар кандай кыйынчылык менен чыкты?

Дүйнө , Спорт | 6 мая 2021 | 1584 | 0

Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын экинчи жарым финалдык беттештери болуп өттү.

5-майга караган түнү Англиянын «Манчестер Сити» клубу өз үйүндө Франциянын «ПСЖ» клубун кабыл алды. Бул оюн башталганда эле чыңалуу менен башталды. Эки команданын оюнчулары коргонууда да, чабуулда да өздөрүн мыкты көрсөтүштү. «Манчестер Ситинин» чабуулчусу Рияд Марез биринчи таймдын 11-мүнөтүндө эсеп санын ачты. Ошентип бул бөлүктүн калган мүнөттөрү эч өзгөрбөй, футболчулар эс алууга кетишти.

Экинчи таймда «ПСЖ» клубу активдүүлүгүн көрсөтүп баштады. Чабуулчу Анхель Ди Мариянын бир нече ирет чабуулга кирип баруусун «Манчестер Ситинин» коргоочулары токтотуп жатты. Убакыт көпкө узабай, 63-мүнөттө Кевин Де Бройниндин чыгарып берүүсүн Рияд Марез голго айлантып, «ПСЖнын» оюнчуларынын маанайын бузду. Калган мүнөттөрдө эсеп саны өзгөрбөй, «Манчестер Сити» турнирдин финалына чыкты.

Белгилей кетсек, «Манчестер Сити» футболдук клубу өз тарыхында биринчи жолу Чемпиондор Лигасынын финалына чыкты.

«Манчестер Сити» — «ПСЖ» (2:0);

Голдор: Рияд Марез (11-м, 63-м).

Бүгүн, 6-майга караган түнү Чемпиондор Лигасынын экинчи финалчысын аныктаган беттеш болуп өттү.

Анда Англиянын дагы бир беделдүү клубу «Челси» командасы өз үйүндө Испаниянын «Реал Мадрид» клубун кабыл алды. Бул оюнда «Челси» клубу жеңиш үчүн гана келгендей, арты-артынан кооптуу чабуулдарды уюштуруп, топту бир нече жолу дарбазага багыттады. «Челсинин» оюнчусу Тимо Вернер биринчи таймдын 28-мүнөтүндө топту башы менен киргизип, эсеп санын ачты. Бул таймдын калган мүнөттөрүндө эсеп саны ачылган жок.

Оюндун экинчи бөлүктө «Челси» кайрадан эле кооптуу чабуулдарды уюштуруп баштады. Бирок «Реал Мадрид» клубунун дарбазачысы Тибо Куртуа топту дарбазага өткөрбөй тосуп калып жатты. Экинчи бөлүктүн акыркы мүнөттөрүндө, тагыраагы 85-мүнөттө Мейсон Маунт экинчи голду жаратып, бул оюнга чекит койду.

«Челси» (Англия) — «Реал Мадрид» (Испания) (2:0);

Голдор: Тимо Вернер (28-м), Мейсон Маунт (85-м).

Эми Чемпиондор лигасынын финалында Англиянын «Челси» клубу ушул эле өлкөнүн «Манчестер Сити» клубу менен кез келет. Финал 29-май күнү Түркиянын Стамбул шаарындагы 76 миң көрүүчү бата турган «Ататүрк Олимпиада» стадионунда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM