Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан акыркы лицензиялык мелдешке кайсы балбандарды жиберди?

Кыска кабар , Спорт | 6 мая 2021 | 1631 | 0

Бүгүн, 6-майда Болгариянын борбору София шаарында Токио олимпиадасына күрөш боюнча жолдомо берүү беттештери башталды. Анда Кыргызстандан 7 балбан күч сынашат.

9-майга чейин боло турган турнирге Күрөш федерациясы төмөнкү балбандарды алып кеткен:

Эркектер арасында эркин күрөш боюнча:

Алмаз Сманбеков (57 кг)

Арсалан Будажапов (74 кг)

Саякбай Усупов (86 кг)

Айаал Лазарев (125 кг)

Кыз-келиндер эркин күрөшү боюнча:

Нураида Анаркулова (57 кг)

Грек-рим күрөшү боюнча:

Амантур Исмаилов (67 кг)

Мурат Рамонов (130 кг)

Ошол эле учурда эркектер арасында эркин күрөш боюнча балбандарды улук машыктыруучу Ислам Тазабеков, машыктыруучу Сүймөнкул Таабалды уулу, Нураида Анаркулованы башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков, грек-рим күрөшү боюнча балбандарды улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков, башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев коштоп барат.

Эске салсак, грек-рим күрөшүнөн Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков Олимпиадага лицензия алышкан. Эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова жолдомого ээ болушкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM