Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Баткен облусуна барды

Кыска кабар | 6 мая 2021 | 1039 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Баткен облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, президент мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуяларда жабыркаган айылдарга барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушат.

5-майдагы маалымат боюнча, Баткен облусунун аймактарында кырдаалдын кесепетинен зыян тарткан курулуштар боюнча 136 турак-жай жана 84 объектке зыян келтирилди.

Баткен облусунун аймактарында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу эвакуация иштери уланууда. Баткен районунун Миң-Булак, Үч-Төбө, Таш-Тумшук, Көк-Таш, Ак-Сай, Көк-Терек, Орто-Боз, Самаркандек айылдарынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тарабынан 14 миң 361 жаран эвакуацияланып, Баткен шаары, Бужум, Чек, Жаңы-Жер, Ак-Турпак, Кара-Булак, Чоң-Кара, Рават айылына жайгаштырылган.

Лейлек районунан Борбордук, Интернационал, Арка, Саада, Максат, Достук айылдарынан 26 миң 288 жаран эвакуацияланып, Сүлүктү, Исфана шаарларына, Кара-Булак, Коргон, Самат, Булак-Башы, Маргун, Кулунду айылдарына жайгаштырылды.

Баткен облусу боюнча жалпы 40 миң 649 жаран эвакуацияланган.

Тажик бийлиги чек ара чатагында каза болгон жарандарынын үй-бүлөсүнө 70 миң сомониден берди

 

Copyright © 2017 Maral FM