Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан Лейлекке ГЭС же плотина куруп, суу агымын өзү көзөмөлдөшү керек»

Кыргызстан суунун агымын өзү көзөмөлдөөгө жетишиши керек. Бул тууралуу экономист Эльдар Абакиров «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Лейлек районунда көптөгөн суу биз тараптан башталат. Бирок Совет доорунда тажик тарапта айдоо жерлер түз, ыңгайлуу болгону үчүн каналдар ошол жакка багытталып курулуп калган. Биздин суулар алардын талааларын сугарат. Биз өзүбүз суунун агымын көзөмөлгө алмайынча, аны рычаг катары колдонуу тууралуу сөз кылгандын мааниси жок. Мүмкүн Камбар-Ата ГЭСин курабызбы, же башка ГЭС курабызбы, плотина, суу сактагычтарды курганда гана биз келечекте бир топ утуштарга ээ болобуз. Албетте, биз баарыбыз коңшубуз, тууганбыз, менталитетибиз бир, бирок биз зыянга учурабашыбыз керек», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM