Биз менен байланышыңыз

Экономист: Чек ара чечилмейинче, Баткенге расмий бизнес ачуу мүмкүн эмес

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын чечишип алгандан кийин бир топ пайдалуу долбоорлорду ишке ашырса болот. Бул тууралуу экономист Эльдар Абакиров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коңшулар менен туура мамиле жүргүзсөк, Лейлек районун Тажикстандын Ходжент, Согди облусу аркылуу бир топ байытса болот. Бирок бул үчүн чек араны бекитип, коопсуздукту камсыздоо зарыл.

«Жергиликтүүлөр айткандай, жок дегенде ортого зым тартып беришибиз керек. Кыргыз тажикке, тажик кыргызга таарынбагандай кылып, чек араны чечип алгандан кийин анан соода маселесине өтсөк болот. Чек араларга кенен-кенен базарларды ачып, биргелешкен ишканаларды ачсак болот. Бирок чек ара чечилмейинче, коопсуздук маселеси чечилмейинче, ал жерге расмий бизнес ачуу мүмкүн эмес. Пандемияга чейин эки элдин ортосунда алыш-бериш катуу болчу экен. Тажикстан дегени менен чек арага жакын айылдарда көбүнчө өзбектер жашайт. Биз жакта да көп өзбектер жашайт. Ошол факторлорду эске алып, иш жүргүзсөк болот. Бирок биринчи чек араны бекитүү керек. Чек араны бекитип алгандан кийин Лейлек районунун экономикасына пайдалуу долбоорлорду ишке ашырса болот», — деди экономист.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM