Биз менен байланышыңыз

Баткенде өрттөлгөн турак үйлөрдүн саны 104кө жетти

Кыска кабар | 3 мая 2021 | 393 | 0

Баткен облусунда алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, 104 турак үй, 2 мектеп, 1ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара заставасы, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн өрттөлгөн.  Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда облуста келтирилген чыгымдарды аныктоо боюнча комиссия ишин улантууда.

Өрттөлүп, жараксыз абалга келген турак үйлөрдүн калдыктарын тазалоо, калктуу конуштарды электр энергиясы менен камсыздоо, сугат суу, таза суу линияларын калыбына келтирүү иш аракеттери жүрүүдө.

Тажик тараптын аткылоосунда Баткен районунун Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр, Кара-Бак айыл аймактарынын айылдары жана Лейлек районунун Кулунду, Жаңы-Жер айыл аймактарынын айылдары жабыркаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM