Биз менен байланышыңыз

«Согуш болгон аймакка элди кайра көчүрүп баруу — жоопкерчиликсиздик»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 мая 2021 | 683 | 0

Баткендин чек арага чектеш жайгашкан айылдарынын коопсуздугун камсыздабай туруп, элди кайра көчүрүп баруу —  чоң жоопкерчиликсиздик. Бул туурасында Кыргызстан юристтер коомунун координатору Таттуубүбү Эргешбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Баткенде Лейлек районунан, андан тышкары 4-5 айылдан 50 миңге жакын эл эвакуацияланды. Бул расмий маалымат, дагы канчасы кирбей калды, ал — башка сөз. Бүгүнкү күндө чек аранын жанында жашоо кооптуу болуп турат. Ошон үчүн мамлекет тез арада аймактагы күч органдарын, коргоо системасын күчтөшү керек. Бул жөнөкөй чек аралык конфликт болгон жок. Согуш болуп кетти. Эл аралык тажрыйба боюнча согуш болгон аймак 2-3 жыл корголушу керек. Ал жерден башка кошуналарга ок чыгаргандын кереги жок. Бирок аймак корголушу керек. Күч түзүмдөрү киргизилмейинче, коопсуздук толугу менен камсыздалмайынча, ал жерге элди алып барып, кайра жашагыла деген — өтө чоң жоопкерчиликсиздик», — дейт юрист.

Эскерте кетсек, 2-май күнү саат 12:00гө карата Баткен облустук администрациясы облустун 58 миң 261 тургуну коопсуз жайга көчүрүлгөнүн кабарлаган. Алардын 52 миң 329у аялдар менен балдар экени айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM