Биз менен байланышыңыз

Баткен облусуна 65 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Кыска кабар | 2 мая 2021 | 366 | 0

Баткен облусуна 65 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова кабарлады.

Гуманитардык жардам ӨКМ кызматкерлеринин коштоосунда жүк ташуучу унаа менен жеткирилип жатат.

1-майда саат 14:30да 20 тонна, түнкү саат 24:00дө 45 тонна 2 унаа жөнөтүлгөн.

Өкмөттүн алдындагы “Баткенге жардам” штабынын ишине ыктыярчылар, активисттер, ишкерлер, коомдук уюмдар, бардык камкор жарандар көмөк көрсөтүүдө. Ошондой эле “Кока-Кола”, “Элит Хаус” компаниялары, “Шератон” мейманканасы да жардам көрсөткөн.

“Баткенге жардам” штабы спорт сарайында жайгашкан. Жардам берүүнү каалагандар 1227 номерине чалып же Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү 40, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна кайрылышса болот.

Жүк ташып жаткан автоунааларга атайын уруксат кагазы иштелип чыкты. Анда мамлекеттик органдардын мөөрү, жардамды жөнөтүп жаткан адамдын колу коюлуп, айдоочунун аты-жөнү жазылат.

Барып жаткан жардамдын ичинде эмнелер бар экени тууралуу акт түзүлүп, ал электрондук түрдө алдын ала Баткенге жиберилет. Тосуп алган ӨКМдин өкүлү Баткен шаарында кайсы айылга керек экенин аныктап, дароо жөнөтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM