Биз менен байланышыңыз

Новиков чектеш аймактардан эвакуацияланган тургундардан кабар алды

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 393 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облусунун чектеш айылдарынын эвакуацияланган тургундарына барды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Артем Новиковго маалымдалгандай, Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук, Үч-Дөбө, Миң-Урук, Миң-Булак, Паски арык, Самаркандек, Достук, Кызыл-Бел жана Кара-Бак айылдарынан жалпысынан 7093 жергиликтүү тургун эвакуацияланган. Ал эми 6079 тургун туугандарыныкына жайгаштырылган.

Эвакуацияланган тургундар коопсуз жерге жайгаштырылып, ысык тамак жана тийиштүү зарыл буюмдар менен камсыздалган.

Ал эми Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13 миң 500 адам коопсуз жайга эвакуацияланган. Үйүн таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон тургундар гуманитардык жардам жетпегенин маалымдап жатышат. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы Баткен шаарынан Лейлек районуна атайын учак менен медициналык дары-дармек, гигиеналык каражаттар жиберилгенин айтты. Жүк ташуучу унаалар менен азык-түлүк да жөнөтүлүп жатканын кошумчалады.

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана иликтөө боюнча жумушчу топтун жетекчиси болуп дайындалган. Учурда Новиков Баткен облусунда жүрөт жана ишке тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишин координациялоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM