Биз менен байланышыңыз

Лейлек районуна гуманитардык жардам жиберилди

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 355 | 0

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кызыл Крест уюму тарабынан Баткен шаарынан Лейлек районуна атайын учак менен медициналык дары-дармек, гигиеналык каражаттар жиберилди. Жүк ташуучу унаалар менен азык-түлүк да жөнөтүлүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ 29-апрелдин кечинде Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13 миң 500 адам коопсуз жайга чыгарылган.

Акыркы сааттарга алынган маалымат боюнча, Баткен жана Согди облустарынын башчылары жолугуп, чек арадагы кырдаалды турукташтыруу аракети көрүлүүдө.

Орун алган кырдаалга байланыштуу облустук өкүлчүлүк атайын банкттык эсеп ачты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM