Биз менен байланышыңыз

Чек арадагы кырдаалды турукташтыруу аракети көрүлүүдө

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 344 | 0

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Эки тарап тең бири-бирине пикирлерин ачык айтып, кырдаалды турукташтыруу боюнча реалдуу кадамдарды жасап жатышат.

Облус башчылары буга чейин макулдашкандай, биринчи кезекте ок атууларды толугу менен токтотууну жана кагылышуулардан жапа чеккен аймактардан өздөрүнүн аскердик күчтөрүн алып чыгып кетүүнүн аракетин көрүшүүдө.

Ошондой эле эки тараптан тең тосулган унаа жолдорун ачып, каттамды калыбына келтирүүнү сүйлөшүштү.

Азыркы тапта аймакта ок аткан учурлар жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM