Бүгүн, 30-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Алар кыргыз-тажик чек арасындагы мындан аркы абалды талкуулашты.
Шавкат Мирзиёев абалды ыкчам түрдө турукташтыруу жана анын курчушуна жол бербөө боюнча кыргыз жана тажик тараптын макулдашууларын колдоду. Ошондой эле бардык маселелерди сүйлөшүү жана кеңешүү жолу менен гана чечүү керек экенин белгиледи.