Биз менен байланышыңыз

Чек ара чырынан жабыркагандарга кан керек

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 536 | 0

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова брифинг учурунда каалоочуларды кан борборлоруна кан тапшырса болорун айтты.

Анын айтымында, керектүү дары-дармек жана медициналык багыттагы каражаттар жетиштүү санда бар.

«Антсе да бардык каалоочулар кан борборлоруна барып, жабыр тарткандар үчүн кан тапшырса болот. Күтөбүз», — дейт ал.

Солтонбекова Баткен жана башка облустагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатканын белгиледи.

«Ооруканаларда кошумча орундуктар даярдалып, жер-жерлерде тез жардам кызматтары нөөмөттө турушат», — деди министрдин орун басары.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орнотуп баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыккан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, чек арада чыккан чырдын кесепетинен 13 адам набыт болуп, 134 киши жабыркады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM