Биз менен байланышыңыз

Баткенде кайрадан ок атуулар болуп жатат

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 1767 | 0

Баткен облусунун чек аралаш аймактарында айрым учурларда ок атуулар болуп жатат. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, бардык күч түзүмдөрү кырдаалды көзөмөлгө алууда.

Ок атышуунун натыйжасында азыркы учурда 134 адам жабыркап, 13 адам каза болду. 25 жаран атайын учак менен Бишкек шаарындагы ооруканаларга которулду. 86 жаран Баткен облустук ооруканасына жаткырылды.

Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13 миң 500 адам коопсуз жайга чыгарылды. Ал эми Баткен районунан 7 миң 93 адам Баткен шаарына көчүрүлдү. Эвакуацияланган жарандарга жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары тарабынан көмөк көрсөтүлүүдө, гуманитардык жардамдар жеткирилүүдө.

Баткен районунун Көк-Терек айылында 17 үй толугу менен өрттөлгөн, ошондой эле Лейлек районун Кулунду айыл аймагынын Сада, Максат айылдарында, Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык, Борбордук, Арка айылдарында үйлөр жана май куюучу бекеттер өрттөлгөн.

Ошондой эле Лейлек районунун Интернационал айлынын тургуну айылга ок атылып жатканын, эл кайрадан тоону көздөй качканын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM