Биз менен байланышыңыз

Учурда абал туруктуу, милиция күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 757 | 0

Баткен облусунда Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков облус аймагындагы укук коргоо органдарынын жана ички аскерлердин учурдагы абалды турукташтуруу боюнча иш-чараларын толугу менен координациялап, коомдук тартипти сактоо багытында иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү колго алууда.

30-апрелге карата Баткен районундагы кырдаал турукташып, ок атуулар токтотулган. Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө тартиптеги күчөтүлгөн режим киргизилген.

Ал эми Лейлек районунун Кулунду, Интернационал, Эски-Оочу, Максат, Жаштык, Борбордук, Достук, Арка-2 айылдарынын тургундарын милиция кызматкерлери коопсуз жайларга көчүргөн.

Азыркы күндө чек арага чектеш аймактарда абал толугу менен көзөмөлдө. Милиция кызматкерлери тарабынан блок-посттор коюлуп, чек арага чектеш райондордогу жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Абал туруктуу.

Жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоодо облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, ички аскерлердин аскер кызматчылары жана башка күч түзүмдөрү менен биргеликте коомдук тартипти күчөтүлгөн тартипте камсыздап жатышат.

Эске салсак, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан Баткен райондук суу чарба башкармалыгына караштуу «Головной» башкы суу алуу түйүнүн жарыктандыруу үчүн коюлган электр мамысына тажик жарандары видеокөзөмөл орноткон. Алар экинчи мамычага да камера орнотуп жаткан учурда кыргыз чек арачылары токтотуп калган. Кыргызстандын аймагына тажик тараптан коюлган видеокөзөмөлдү алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жаткан учурда тажиктер ок чыгарган.

29-апрелде эртең менен кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылып, кыргыз жараны оң көзүнөн жараат алган. Түштөн кийин чек арадагы абал кайрадан күчөп, 14.00дө Тажикстандын чек ара аскерлери Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу тосмо жайында миномет, пулемёт, автомат менен атып баштаган.

29-апрелдин кечинде Баткен облусунун Лейлек районунун Арка, Жаштык, Максат жана Эски-Оочу айылдарын Тажикстандын аскерлери оор техника менен аткылап, тургундар жакынкы айылдарга качып чыгышкан. Айылдарда үйлөр өрттөлгөн.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 30-апрель саат 07:50гө берген маалыматына караганда, чек арадагы кагылышууда 13 жаран каза таап, жарадар болгондордун саны 134кө жетти.

Чек ара кызматы учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч экендигин билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM