Биз менен байланышыңыз

«Тажиктер өлкөнүн азыркы бечел абалынан пайдаланууну көздөп жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Апр 2021 | 2783 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал бүгүн пайда боло калган жок. Ал 30 жылдан бери чечилбей келген маселелерден улам чыкты. Бул туурасында Баткен облусунун мурунку губернатору Султанбай Айжигитов «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Ар нерсени өз убагында чечүү керек эле. Биз сүйлөшүү процесстерин кечеңдеткенибиздин айынан көп артыкчылыктарыбызды алдырып койдук. Тажикстан менен Өзбекстандын ортосунда катнаш болбой, баары биз аркылуу жүрүп турган маалда көп маселени чечип алсак болмок. Кайдыгерлик кылганыбыздан  ушул кырдаалга келип отурабыз. Мамлекеттин бечел абалда турганынан пайдаланып, алар көп нерсени өз пайдаларына чечип алууну көздөп жатышат. 

Ошол эле «Головной» суу бөлүштүрүүчү пункту Баткен эле эмес, биздин мамлекет үчүн да аябай чоң стратегиялык объект. Баткендин 11 миң гектар жери ошол жерден суу алат. Аны алдырсак, Баткендин айыл чарбасы толугу менен токтойт. Андан тышкары 275 километр талаш деген жерлер 5-7 жыл мурун эле талашсыз болчу. Эмне себептен эми талаш жер болуп калды? Бүгүнкү күндө деле «Головной» пункту бүт документтер боюнча биздин жер. Тажиктер аны өздөрүнө таандык кылып, көзөмөлдөгүсү келип жатканынын себеби түшүнүктүү эле болуп турат», — дейт экс-губернатор.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM