Биз менен байланышыңыз

Туризмдин өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып жаткан маселелер кайсылар?

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Апр 2021 | 687 | 0

Туризмди өнүктүрүү үчүн ылдам чече турган маселелер — жол, ажаткана жана жаңы объектилер. Бул туурасында мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, туризмди өнүктүрүү үчүн бүгүнкү күндө Кыргызстандын жолдорун оңдоо керек, талаптагыдай ажатканаларды салуу керек жана өлкөнүн булуң-бурчуна 4 жылдыздуу, 5 жылдыздуу мейманканаларды куруу керек.

«Аймактардагы тейлөө деңгээли жакшы болсун десек, анда инвестициялык климатты жакшыртышыбыз керек. Ишкерлерге жакшы мейманкана курууга жер берип, 5 жылдык мөөнөткө салыктан бошотуу керек. 

Бишкекти карап көрсөңүздөр, акыркы 20 жыл ичинде канча деген мейманкана, ресторан, кафе салынды. Бири-бирине болгон атаандаштык тейлөөнүн деңгээлин күндөн-күнгө жогорулатып жатат. Биз мындай абалды аймактардан да көргүбүз келет. «Ысык-Көлдүн баалары кымбат, андан көрө Түркияга, Египетке барган арзан» деп көп айтабыз. Түркияга барсаңыз, курорттук зоналарында 500гө жакын 5 жылдыздуу отелдер жайгашкан. Бир турист үчүн 500 мейманкана ортосундагы атаандаштык бааны күндөн-күнгө түшүрүп жатат. А биздин Ысык-Көлдө 5 жылдыздуу мейманкана бар болсо, аны колдун манжалары менен санап койсо болот. Алардын албетте, өз кардарлары бар, ошондуктан бааны түшүрүшпөйт», — деди Жаманкулов.   

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM