Биз менен байланышыңыз

Экс-министр: Кыргызстан казино боюнча Малайзия же Египеттегидей система кура албайт

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Апр 2021 | 804 | 0

Кыргызстанда кумаркана ачылса, ага биздин жарандар кирип кетпейт деген кепилдик жок. Бул тууралуу мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, башка өлкөлөрдө кумарканалар бюджетке абдан чоң акча алып келген учурлар чындыгында бар. Бирок Кыргызстандын шартында кумарканалардын ачылышы айтылып жаткандай болушуна ишеним жок.

«Мен мисалы, андай системаларды Малайзиядан, Египеттен көргөм. Алар бир да Малайзия жараны же Египет жараны кирбегидей система курушкан. Бирок андай системаны куруу керек да. Бул оңой эмес жана Кыргызстандын азыркы шартында мүмкүн да эмес. Биздикилер жолун таап, артынан, капталынан кирип кетет эмеспи. Бир да кыргызстандык кирбейт деп эч ким кепилдик бере албайт», — дейт экс-министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM