Биз менен байланышыңыз

Баткен: Чек арадагы чыр эмнеден келип чыкканы айтылды

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 3294 | 0

Баткен районунун Тажикстан менен чек арасында абал салыштырмалуу турукташты. Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдагы абал турукташып, жарандардын таш ыргытуулары токтогон.

Баткен жана Исфара райондорунун акимдеринин жана эки тараптын облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү жүрдү. Кырдаалды Баткен жана Согди облустарынын башчылары көзөмөлдөөдө.

Буга чейинки макулдашууларга ылайык, 28-апрель саат 11:30да Баткен жана Согди облус башчылары жолуккан (башкы суу бөлүштүрүүчү жайдагы чыр-чатакка чейин).

Облус башчылары Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан «Кызыл-Бел» жана «Гулистон» чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайларынын ортосундагы бейтарап (нейтралдуу) аймакта (чатырда) жолукту.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода баштаган эки тараптуу делегациянын курамында, Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун, Согди облусунун Гафуров жана Исфара райондорунун башчылары, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана эки тараптын «Кадастр» ишканасынын, Суу чарба башкармалыктарынын жетекчилери болду.

Тараптар ар бир чек аралаш райондо жумушчу топ түзүү, бир жума аралыгында аймактагы чек арага байланышкан көйгөйлөрдү иликтөө тапшырмасы беришти. Жумушчу топтордун ишинин жыйынтыгы, облус башчыларынын жолугушуусунда каралмай болду.

Эки облус жетекчиси 15 күн сайын жолугуп, чек арадагы маселелерди чечүү макулдашылды.

Ошондой эле облус жетекчилери, жергиликтүү эл арасында пикир келишпестиктердин алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, элдин ынтымагын бекемдөө, карым-катнашын чыңдоого багытталган иш чаралардын үстүндө иш алып баруу учур талабы экенин белгилешти.

Баткен жана Согди облустарынын ортосунда кол коюлган 10 пункттан турган кызматташуу протоколун ишке ашыруу үчүн Баткен жана Согди облустарынын чек арасында жайгашкан чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайларын ачуу маселесин тездетүү боюнча эки мамлекеттин Өкмөт башчыларына сунуштарды берүүнү да сүйлөшүштү.

Жолугушуунун соңунда Баткен жана Исфара райондорунун акимдери Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын (головной) айланасындагы маселелерди жеринде чечүү үчүн облус башчыларынын тапшырмасы менен аймакка барышкан.

Бирок район башчылары бир пикирге келе алышкан эмес. Ага Баткен жана Согди облустарынын башчыларынын Кыргызстандын аймагында жайгашкан электр мамычаларына тажик тараптан орнотулган видео камераларды алуу боюнча тапшырмасын Тажикстандын Исфара районунун акими Баховидин Баходирзоданын аткаруудан баш тартканы себеп болгон.

Ал эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин да сунуш-пикирлерине макул болбой, натыйжада пикир келишпестиктер жаралып, жарандардын таш ыргытуусуна жетип, чатак чыккан.

Исфара районунун акиминин мындай мамилесинин себеби азырынча белгисиз.

Copyright © 2017 Maral FM