Биз менен байланышыңыз

Татарстан менен соода-өнөр жайы боюнча меморандумга кол коюлду

Кыска кабар | 26 Апр 2021 | 345 | 0

Бүгүн, 26-апрелде Кыргызстандын делегациясы Татарстандын Соода-өнөр жай палатасына келип, палатанын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүп, ошондой эле кыргыз жана татар ишканаларынын катышуусунда тегерек столго катышты.

Иш-чарага Кыргызстан менен Татарстандын ишкер чөйрөлөрүнүн 50дөн ашуун өкүлдөрү, анын ичинде Татарстан менен кызматташууга кызыкдар ишкерлер катышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Татарстандын соода өнөр жай палаталарынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Ошол эле күнү кыргыз делегациясы «Алабуга» өзгөчө экономикалык чөлкөмгө (ӨЭЧ) барып, анын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрдү.

Элчиликтин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, Гүлнара-Клара Самат Татарстанда 29-апрелге чейин болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM