Connect with us

«Манас» аэропортуна «Airbus-220» үлгүсүндөгү жаңы учак келди (фото)

Кыска кабар | 26 Апр 2021 | 903 | 0

26-апрелде Бишкектеги эл аралык «Манас» аэропортуна «Эйр Манас» компаниясы жаңы сатып алган AIRBUS A220-300 учагы келди. Бул тууралуу аэропорттон кабарлашты.

Муну менен Кыргызстан КМШда дүйнөдөгү ири деп саналган AIRBUS компаниясынан учак сатып алган алгачкы өлкө болду.

«Эйр Манас» ушундай моделдеги экинчи учакты да ушул жылы алып келе турган болду.

AIRBUS A220-300 — жаңы технология колдонулган жана экологиялык класстагы жана бийик үн чыгарбаган учак.

Ошондой эле мурдагы муундагы учактарга салыштырмалуу күйүүчү майды 25%га үнөмдөп, азот оксиддерин чыгаруусу 50%га азайып, айлана-чөйрөгө зыяны аз болот.

Бүгүнкү күндө AIRBUS чыгарган учактар Азияда, Америкада, Европада жана Африкада колдонулуп келе жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM