Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри болуп Руслан Алтымышев дайындалды

Кыска кабар | 26 Апр 2021 | 343 | 0
Жалал-Абад шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу муниципалитеттин бамса сөз кызматы билдирет.

Ага ылайык, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри болуп Руслан Алтымышев дайындалды.

Буга чейин биринчи вице-мэр Нуртилек Орозбаев шаардык кеңештин депутаттыгына аттанып, мандат алуу алдында тургандыгына байланыштуу кызматын өз каалоосу менен тапшырды.

Ага ылайык мэриянын социалдык маселелер боюнча вице-мэри болуп 41 жаштагы Гульбарчын Таштанбекова дайындалды. Ал буга чейин бир катар банктарда юрист болуп эмгектенген.

Эскерте кетсек, Руслан Алтымышев 2017-жылдын декабрынан бери социалдык маселелер боюнча вице-мэр болуп турган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM