Биз менен байланышыңыз

Боршайком КЭДП партиясын шаардык кеңештен четтетти

Без рубрики | 24 Апр 2021 | 221 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 23-апрелде өткөн жыйынында күн тартибинде 10 долбоорду карап, анда Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясын (НДПК) Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу жыйынтыкты жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Мындай чечимге Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясынын мүчөлөрү макул эместигин билдиришип, БШКнын имаратынын алдына чогулуп, сотко кайрыла тургандыгын билдиришти.

Партиянын мүчөсү Илим Карыпбековдун айтымында, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими кайсы бир тараптын кызыкчылыгы үчүн кабыл алынган, толугу менен далилсиз, жүйөсүз жана акылга сыйбаган тандалма чечим.

Эске салсак, 18-апрелде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясын (НДПК) шаардык кеңештен четтеткенин жарыялаган. Аймактык шайлоо комиссиясы аталган партиянын добуш сатып алууга, тактап айтканда, мыйзам бузууларга тиешеси бар деп чечим чыгарган.

11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо жана жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өткөн.

«Бир жактын кызыкчылыгы үчүн чыккан чечим». КЭДП шаардык кеңештен четтегенине нааразы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM