Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Кыргызстанга 40 миң тонна кумшекер бажы алымы жок алып келинет

Кыска кабар | 23 Апр 2021 | 518 | 0

Евразия Экономикалык Комиссиясы 15-майдан 30-сентябрга чейинки аралыкта кумшекерди бажы алымысыз киргизүү чечимин кабыл алды.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, Экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков Евразия Экономикалык Комиссиясынын кеңешинин жыйынына видео байланыш аркылуу катышкан.

Анда маалым болгондой, Кыргызстанга – 40 миң тонна, Арменияга – 22,4 миң тонна, Казакстанга – 134,4 миң тонна, Орусияга — 350 миң тоннадан ашпаган көлөмдө кумшекер бажы алымысыз киргизилет.

Кеңештин чечими расмий жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күндөн соң күчүнө кирет.

Учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнө кирбеген өлкөлөрдөн ташылып келинген шекерге импорттук алым тоннасына 340 долларды түзөт.

Кумшекер өткөн жылдан 10 сомго кымбаттады

Copyright © 2017 Maral FM