Биз менен байланышыңыз

23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү

Кыска кабар | 23 Апр 2021 | 2206 | 0

Бүгүн, 23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү.

Бул күн дүйнөлүк адабият менен маданияттын көч башында турган Сервантес, Шекспир жана Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктердин көзү өткөн күнү.

Кыргыз Өкмөтү 2002-жылдагы токтому менен өлкөдө Китеп күнүн бекиткен.

Бул күнгө карата К. Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр китепканасы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте, Мамлекеттик китеп палатасы жана ЮСАИДдин колдоосу астында атайын иш-чара өткөрөт. Анын алкагында китеп окуу, балдарды китеп окууга кызыктыруу жаатында ар кандай аянтчалар уюштурулат.

Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Кыргызстанда 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына ылайык, жыл сайын ар түрдүү багыттагы китептерди чыгарып, калктын руханий байлыгын арттырууга салым кошуп келет.

2015-2019-жылдар аралыгында Улуттук комиссия тарабынан 200 аталыштагы китеп 500дөн кем эмес нускада басылып чыккан. Алар китепканаларга, мекеме-уюмдарга акысыз таратылууда. Мисалы 2016-2020-жылдары 37652 китеп таратылган, анын 39% бюджеттик мекемелерге, 31% коомдук мекемелерге, 20% иш-чараларга, 10% авторлорго берилген.

Алгачкы китеп биздин заманга чейинки I кылымда пайда болгону айтылат. Бактан кичинекей тактайчаларды жасап, анын бетине мом куюп, жумшак кезинде текшиленип, катыгандан кийин анын бетине курч металл таякча менен жазышкан экен.

Ал эми эң алгачкы кыргыз китеби — Молдо Кылычтын «Кыса-и-Зилзаласы». Аны кыргыздын алгачкы агартууларынын бири Ишеналы Арабаев даярдап, баш сөзүн жазып, 1911-жылы Казань шаарынан бастыртып чыгарган. Чыгармада 1909-жылы Чүй өрөөнүндө болгон катуу жер титирөө баяндалып, акын өзүнүн адам жана табият, руханий турмуш менен диний асылдыктардын ич ара карым-катышы тууралуу ой жүгүртүүсүн камтыган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM