Биз менен байланышыңыз

Короновирус жугузуп алган 950 медкызматкерге кенемте төлөнөт

Ден соолук , Коом | 19 Апр 2021 | 12156 | 0

Пандемия учурунда «кызыл зонада» иштеп жүрүп, COVID-19 жугузуп алган, бирок Өкмөттөн кенемте ала албай жаткан 100дөй медицина кызматкери 16-апрелде Бишкекте нааразычылык акциясына чыкты.

Эски аянтка чогулган ак халатчандар «Өкмөттүн компенсация төлөө убадасы аткарылган жок!», «Медайымдарга да 1-апрелден тартып 100% айлык!» деген жазууларды кармап, Өкмөттүн жооп берүүсүн, ошондой эле коронавирус жугузуп алган медкызматкерлерге кенемте туура каралып, туура бөлүштүрүлбөй жатканын айтышып, чечип берүүнү талап кылышты.

Дарыгерлердин таламын талашып жүргөн юрист Нуралы Айдаров митингге чыккандар кенемтеден тышкары да үч талап койгонун билдирди.

«Айлыкты көбөйтүү маселеси да бар. Мындан тышкары саламаттыкты сактоо тармагындагы кесиптик кошуун уюмунун милдеттерин кайра карап чыгуу талабын койдук. Анткени медиктердин айлыгынан кесиптик кошуунга деп бир пайыз кармалат. Бирок анын дайны жок. Ошондуктан Саламаттыкты сактоо министрлигинин өзүнүн кесиптик кошууну болушу керек. Алар акчаны өздөрү көзөмөлдөп, эс алуу, үй салуу маселелерин чечиши абзел. Ошондой эле дарыгерлердин кол тийбестиги, жоопкерчиликтери да кайра каралышы керек деп жатабыз. Бул талаптарыбыздан жыйынтык чыкканга чейин күрөшүбүздү токтотпойбуз. Айтылган көйгөйлөр көп жылдардан бери топтолуп калгандыктан бардык дарыгерлер колдоп жатат».

Митингдин эртеси, тагыраагы, 17-апрелде вице-премьер-министр Артем Новиков алардын айрым өкүлдөрү менен жолукту. Ал кызмат учурунда коронавирус жугузуп алган дарыгерлерге кенемте төлөө маселесин атайын комиссия иликтеп чыгарын, Өкмөт айлык акыны көбөйтүү жагын акча каражатка карап чечерин белгиледи.

«Медицина кызматкерлерине кепилденген кенемте төлөнөт. Бул максатта бюджеттен 200 миллион сом каралган. Билдирмелерди караган комиссиянын курамы жаңыланат. Комиссия талаш жараткан учурларды кайрадан карап чыгып, кабыл алынган чечимдердин акыйкаттыгын иликтеп чыгат». 

Акыркы күндөрдө Кыргызстанда коронавирус жугузгандар, андан каза тапкандар кайрадан кескин көбөйүп баштады. Алардын арасында дарыгерлер да бар. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин коррупциянын алдын алуу боюнча өкүлү Индира Жумабаеванын айтымында, кенемте берүү үчүн азыркы күндө 950 документ экспертизадан өткөн.

«2020-жылдын 31-декабрына чейин 225 адамга төлөнүп берилген, каза болгон 32 медиктин да үй-бүлөлөрүнө төлөнүп берилген. Азыркы күндө 950 документ төлөмгө даярдалып болуп, экспертизадан өткөн. Эми комиссия түзүлүп, кароосуна киргизилип, анан чечим чыгарылат. Өкмөт: «Каражатын эки жуманын ичинде чечип беребиз», — деди. Каражат келсе эле төлөнүп баштайт». 

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, ооруп айыккан 1500дөн ашуун медициналык кызматкерге 200 миң сомдон кенемте берилген. Ал эми каза болгон дарыгерлердин үй-бүлөсүнөн 60 арыз түшүп, 32 үй-бүлөгө бир миллион сомдон төлөнгөн. Жалпы кенемте төлөөгө 185 миллион сом жумшалган.

Министрлик кенемте төлөөнүн жол-жобосун ушул жылдын башында өзгөрткөн. Анын негизинде, дарыгерлердин COVID-19 жугузуп алган жагдайын иликтеп, чечим чыгаруу милдети оорукананын жетекчилигине берилген. Коронавируска кабылгандарга кенемтенин көлөмү 75 миң сомго азайган.

Кыргызстанда пандемия башталган 2020-жылдын март айынан акыркы суткага чейин 4 миң 356 медкызматкер коронавирус жугузуп, 40ка жакыны көз жумду.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM