Биз менен байланышыңыз

Ковид: Төрт медицина кызматкери жуктуруп, 3 адам каза болду

Кыска кабар | 18 Апр 2021 | 803 | 0

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 3 адам каза болду. Республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгондордун жалпы саны 1549 кишини түздү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, каза болгондордун экөө Бишкек шаарында, ал эми бирөө Ысык-Көл облусунда катталган.

Сутка ичинде 4 медицина кызматкери коронавирус илдетин жуктуруп алды.

Маалыматка ылайык, илдет жуктуруп алгандардын экөө Бишкек шаарында катталды. Калгандары:

Ош облусу – 1

Ысык-көл облусу — 1

Жалпысынан республика боюнча 4 миң 354 медицина кызматкеринен COVID-19 диагнозу аныкталган. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 2 медкызматкер айыгып чыкты. Үй карантинден 3 медицина кызматкери айыгып чыкты. Республика боюнча 4 миң 269 медицина кызматкери илдеттен айыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM