Биз менен байланышыңыз

Adobe компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Апр 2021 | 917 | 0

Adobe компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Чарльз Гешке 82 жаш курагында көз жумду. Бул туралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Калифорнияда жашаган Гешке жума күнү көз жумганын компания билдирди. Өлүмдүн себеби айтылган эмес.

«Бул бүтүндөй Adobe коомчулугу үчүн жана технологиялык индустрия үчүн чоң жоготуу. Анткени ал ондогон жылдар бою маалымдама жана баатыр катары кызмат кылган»,-деди компаниянын башчысы Шантану Нарайен кызматкерлерине жазган катында.

Гешкенин эмгек жолу Калифорниядагы Пало-Альто шаарындагы Xerox R&D Борборунан башталган. Гешке Xerox компаниясынан 1982-жылы Уорнок менен Adobe компаниясын түптөөгө кеткен.

2009-жылы АКШнын мурунку президенти Барак Обама Гешке менен Варнокту Улуттук Технология жана Инновация медалы менен сыйлаган.

Америкалык Adobe — компьютердик программаларды чыгаруучу компания. 1982-жылы негизделген, баш кеңсеси Калифорния штатындагы Сан-Хосе шаарында жайгашкан. Adobe Flash веб-программалык камсыздоосу, Photoshop, Adobe Reader, Portable Document Format (PDF) сүрөттөрдү түзөтүүчү программалары менен белгилүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM