Биз менен байланышыңыз

Орусия мыйзамсыз жүргөн мигранттардын 15-июнга чейин чыгып кетүүсүн талап кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Апр 2021 | 5842 | 0

Орусиянын Ички иштер министрлиги КМШ өлкөлөрүнөн Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн 1 миллиондон ашык адамды чыгарып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынын отурумунда Орусиянын Ички иштер министринин орун басары Александр Горовой билдирди.

Эгер жарлыкта белгиленгендей, 15-июнга чейин легалдуу эмес мигранттар өлкөдөн чыгып кетпесе, алар күч менен чыгарылат жана чек араларды жабууга чейинки чаралар көрүлөт.

«Мен өз өлкөңөрдө жалпыга маалымдоо каражаттары жана блогерлердин жардамы менен үгүт иштерин жүргүзүүгө чакырам», — деген Горовой.

Анын айтымында, июндун ортосуна чейин Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды күч менен чыгарууга мораторий киргизилет. Ошондуктан мигранттар 15-июнга чейин өз ыктыяры менен чыгып кетсе, эч кандай жазага тартылышпайт.

Горовой ИИМдин эсебине ылайык, Орусияда 1 миллиондон ашык мигрант мыйзамсыз жүргөнүн айтты. Алардын көбү — 332 миңден ашууну Өзбекстандын жараны. 2-орунда 247 миң мигрант менен Тажикстан турат. Андан кийин Украина – 152 миң адам, Азербайжан – 120 миң адам, Кыргызстан – 115 миң адам, Армения – 61 миң адам, Молдовия – 56 миң адам жана Казакстан – 49 миң адам жайгашкан.

Ошол эле учурда өткөн жумада Орусия Президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков курулуш жана айыл чарба тармагындагы ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мигранттар жетишпей жатканын белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM