Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада 2 адам каза болуп, 265 жаңы учуру катталды

Кыска кабар | 17 Апр 2021 | 966 | 0

17-апрелге карата коронавирус илдетинен 2 адам каза тапты. Бул тууралуу COVID-19 боюнча республикалык штаб билдирди.

Ал эми бир сутка ичинде 265 адамдан коронавирус табылды: Бишкек шаарында — 148; Чүй облусунда — 80; Ысык-Көл облусунда — 12; Жалал-Абад облусунда — 6; Нарын облусунда — 6; Талас облусунда — 4; Ош облусунда — 4; Ош шаарында — 3; Баткен облусунда — 2;  адамдын илдет жугузганы аныкталды.

Ошол эле учурда акыркы сутка ичинде 152 бейтап айыгып чыкты: Бишкек шаарында — 92; Чүй облусунда — 43; Ош облусунда — 2; Ысык-Көл облусунда — 10; Нарын облусунда — 5 адам ооруну жеңди.

Учурда стационарларда 1130 бейтап, үй шартында 1223 бейтап коронавирустан дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 91 639 адам коронавирус жугузуп, анын ичинен 86 773 бейтап сакайып чыкса, 1546 адам көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM