Биз менен байланышыңыз

Бишкекте дагы бир мектеп карантинге жабылды

Кыска кабар | 17 Апр 2021 | 906 | 0

Бишкектеги №67 мектеп мугалимдердин биринен коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу 2 жумалык карантинге жабылды.

Мектеп 3-майга чейин аралыктан окутуу режимине өттү. Маалыматка ылайык, окутуу борборунун имараты дезинфекцияланууда.

Буга чейин борбор калаадагы № 13, 28, 52 мектептер аралыктан окууга өткөн.

Балдар же мугалимдерден илдет табылса, Билим берүү жана илим, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун алгоритмине ылайык ыкчам иштер жүргүзүлөт.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, онлайн режимге толук өтүү ооруган бала же ооруган мугалим менен болгон байланыштын санына жараша болот, чечим эпидемиологдор тарабынан кабыл алынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM