Биз менен байланышыңыз

«Адеп башаты» айдоочуларга ифтар майрам тартуулады

Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 1362 | 0

Рамазан айынын алгачкы үч күнүндө «Адеп башаты» диний уюму маршруттук таксинин айдоочулары жана жүргүнчүлөрү үчүн ооз ачар өнөктүгүн уюштурду.

Анда ооз ачар убагында жолдо болуп калган айдоочуларга, жүргүнчүлөргө, жалпы эле Бишкек шаарынын тургундарына ифтар баштык таратылды.

«Бул иш-чараны ооз ачууга мүмкүнчүлүгү болбой калган жүргүнчүлөр үчүн уюштурганбыз. Жолуктурган айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн көбү орозо кармаптыр. Чындыгында абдан ыраазы болушуп, «ооз ачарга жетишпей бара жатканда күтүлбөгөн белек болду» деп сүйүнүп жатышты. Буюрса, акыркы үч күндө да уюштурабыз деген ниетибиз бар», — дейт уюмдун директору Автандил Жусупбеков.

Өнөктүктө жалпысынан 550 ифтар баштыгы таратылганы маалымдалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM