Биз менен байланышыңыз

Футбол: Виталий Люкс менен Виктор Майер Кыргызстан курамасынан кеттиби?

Кыска кабар , Спорт | 14 Апр 2021 | 2525 | 0

Бүгүн, 14-апрелде Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин маалымат жыйын берди. Анда ал «Виталий Люкс курама командадан кетип калды» деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди.

«Кырдаал 100 пайыз белгилүү. Менимче, карьерасын качан аяктаарын өздөрү айтышса керек. Виталик азыр футбол менен алектенбей эле. Андыктан ал оюндарын аяктадыбы же жокпу, милдеттүү түрдө өзү айтып бериши керек. Мен аны «оюндарын аяктады» деген жерим жок. Ал болгону оюн талаасынан четтеп кетти. Албетте, оюндар мурункудай болбой калган, андыктан жан багуу да керек болду». 

Анын айтымында, пандемияга байланыштуу Германияда айрым футбол мелдештери, анын ичинде Люкс ойногон лигалар да убактылуу токтотулган.

Машыктыруучудан журналисттер тактоо иретинде, «Виталий Люкс кеңейтилген курамга кирдиби же жокпу?» деген суроо узатышты.

«Тизмеде баары бар, ойноп, машыга алгандардын баары кирет. Биз футболчуларды чачыратпайбыз», — деп жооп берди башкы машыктыруучу.

Ошондой эле ал Виктор Майер жайында башка клубка кете турганын,  ал жактан «оюнчу-машыктыруучу, ассистент оюнчу» болорун, аны менен бирге Дүйнө чемпиондугуна даярдык көрүп жатканын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM