Биз менен байланышыңыз

Германияда ойногон футболчу Кыргызстандын курамасына кошулат

Кыска кабар , Спорт | 14 Апр 2021 | 1744 | 0

Бүгүн, 14-апрелде Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин маалымат жыйын өткөрдү. Анда ал Германиянын лигаларынын биринде футбол ойногон Николай Давыдов Кыргызстан улуттук курамасына ойноого уруксат алганын айтты.

«Анын атасы улуттук курамада ойногон. Николай өзү Германияда бешинчи лигада ойнойт. Бирок азыр ал жакта ойноого мүмкүн эмес. Давыдов бардык машыгуулардан өткөн. Биз ага ишенебиз, ал — келечеги бар жигит», — деп билдирди Крестинин.

Крестинин кошумчалагандай, Давыдов паспорт жана ФИФА уюмунан Кыргызстан улуттук курамасына ойноого уруксат алган. Азыр Давыдов 23 жашта.

Крестинин башка да футболчулар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бирок баарынын эле Кыргызстандын жарандыгын алууга мүмкүнчүлүгү болбой турганын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM