Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 6 мектептин жылытуусу көмүрдөн газга өткөрүлөт

Кыска кабар | 14 Апр 2021 | 1144 | 0

Бишкекте көмүр менен иштеген от казандар газга өткөрүлөт. Мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы жалпы билим берүү мекемелердин көмүр менен иштеген от казандарын газга өткөрүү боюнча долбоорлоо-изилдөө иштерине сынак жарыялады. Алар:

  • №12 бала бакча;
  • №23 мектеп;
  • №35 мектеп;
  • №15 мектеп;
  • №54 мектеп;
  • №59 мектеп;
  • №32 мектеп;
  • Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборундагы от казандар газга өткөрүлөт.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, жумуштун сметалык баасы 6 миллион 200 миң сомду түзөт. Каражат шаардык бюджетте каралган.

Сынак тууралуу кеңири маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланат: www.zakupki.gov.kg

Мэрия кара түтүн маселесин 2022-жылга чейин чечет

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM