Биз менен байланышыңыз

Билим берүү министри 2023-жылга чейинки мегапланын жарыялады [фото]

Коом , Кыска кабар | 12 Апр 2021 | 5320 | 1

Бүгүн, 12-апрелде Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев алдыда жасай турган иштери, 2021-2023-жылдарга карата программасы менен тааныштырды. Иш-чарага министрликтин жетекчилиги, эл аралык уюмдардын, элчиликтердин өкүлдөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөш-меценаттар, ишкерлер, мектептин жана кесиптик окуу жайлардын директорлору, ЖОЖдордун ректорлору катышты.

Министрдин айтымында, программа Билим берүү жана илим министрлигинин максаттарын жана негизги багыттарын аныктаган стратегиялык документ болуп саналат.

Программанын негизги максаттары:

— ар бир билим алуучунун социалдык ийгиликке жетишүүсү үчүн инсанды креативдүү өнүктүрүүгө багытталган инновациялык билим берүү чөйрөсүн түзүү;

— педагогикалык кызматкерлерди кесиптик жана инсандык жактан өстүрүү системасын оптималдаштыруу;

— билим берүүнүн сапатын жана билим алууга болгон шыкты арттыруу;

— Кыргыз Республикасынын жаранынын руханий-адеп-ахлактык, социалдык жактан адаптацияланган жана кесипке багыт алган инсандыгын калыптандыруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү.

«Бизде азыркыбызды жана келечегибизди бирге өзгөртө ала турган уникалдуу мүмкүнчүлүк бар. Билим берүү системасы, илим маанилүү ролду ойнойт, анткени адам капиталы жана анын ийкемдүүлүгү өлкөнүн ийгиликтүү өнүгүү жана өзгөрүү шарттарына карата ыңгайлашуу жөндөмүн аныктайт», – деди министр өз сөзүндө.

Мындан тышкары «Сунушталган идеялар сиздерди кызыктырат жана биз позитивдүү өзгөрүүлөргө жетишебиз деп үмүттөнөм», – деп кошумчалады ал.

Ал алдыда көптөгөн чакырыктар турганын, өтө көп иштерди жасалуусу керектигин баса белгилеп өттү.

1 пикир

1 пикир

  1. Жаран

    13.04.2021 15:01

    В основном стратегия развития образования реализуется при поддержке доноров. Но при всем при этом , министр не создает условия для успешной реализации проектов. В соглашениях с донорами прописаны условия министерства. Которые не соблюдаются. При планировании других проектов, донорам нужно задуматься.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM