Биз менен байланышыңыз

Кувейттеги кыргыздар референдумга добуш берип баштады

Коом , Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1436 | 0

11-апрелде, жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө №9046 шайлоо тилкесинде Кувейттеги кыргыз элчилигинин имаратында Конституциянын долбоору боюнча референдумга добуш берүү башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Шайлоодо санитардык-эпидемиялык коопсуздук, жарандардын ден соолугу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Шайлоо тилкеси жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 20:00гө чейин иштейт.

Бүгүн, 11-апрелде Кыргызстанда Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу же албоо боюнча жалпы элдик добуш берүү — референдум жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен биргеликте өтүп жатат. Жалпы шайлоочунун 30%дан ашыгы катышкан учурда референдум өттү деп эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM