Биз менен байланышыңыз

Казакстанда жана Кореяда референдум үчүн шайлоо тилкелери ачылды

Коом , Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1404 | 0

Бүгүн, 11-апрелде «КР Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча референдумдун алкагында саат 08:00дө Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинде №9028 шайлоо тилкеси ачылды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, уланып жаткан пандемияга байланыштуу добуш берүү процесси бардык санитардык-эпидемиологиялык стандарттарга ылайык уюштурулган.

Шайлоо участогунда биринчилерден болуп Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаев жана элчиликтин башка кызматкерлери добуш берди.

Шайлоо тилкеси Нур-Султан убактысы боюнча кечки саат 20:00гө чейин иштейт.

Сеул убактысы боюнча, саат 08:00дө Кореядагы Кыргыз элчилигинин имаратында референдумга добуш берүү үчүн №9042 шайлоо участкасы ачылды.

Буга чейин саат 08:00дөн баштап Сеул шаарындагы Кыргызстандын элчилигинин консулдук кеңсесинде катталган кыргыз жарандары добуш берүүгө катышууда.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум үчүн добуш берүү саат 08.00дө башталды.

Өлкөнүн 448 жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо, анын ичинде 420 айылдык кеңеш жана 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.

Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга добуш берүү да башталды. Ага жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Бишкек шаардык кеңешине 25 партиядан 1815 талапкер ат салышууда, Ош шаардык кеңешине өтүп жаткан шайлоого 9 партиядан 701 талапкер катышууда.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум үчүн добуш берүүгө 3 млн 318 миң шайлоочу катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM