Биз менен байланышыңыз

Мушкер Канат Келдибеков ACA уюмунда беттешке чыгат

Кыска кабар , Спорт | 9 Апр 2021 | 1604 | 0

Бүгүн, 9-апрелде кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков «ACA» уюмундагы кезектеги беттешин өткөрөт.

Келдибековдун атаандашы грузиялык Важа Циптаури болмокчу. «Absolute Championship Akhmat» уюмунун «ACA-121» мелдеши Беларусиянын Минск шаарында өтөт.

Келдибеков эрежесиз эр урушта 20 беттешке чыгып, 14үн уткан. Алты ирет жеңилген. Ал эми атаандашы Циптаури 9 беттештин жетөөсүн утуп, бир атаандашына утулган. Дагы бир кармашында тең чыгуу болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM